Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке депутат Аида Исмаилованын талапкерлигин карап жатат.
Анда депутат Алтынбек Жунус уулу Аида Исмаилова чоң кызматка бара жатканын белгиледи.
“Сиз ушул кызматта иштеп кете алам деп ишенесизби? ” – деп сурады депутат.
“Мен биринчиден Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинен 5 жылдык тажрыйба алдым. Бүгүнкү сунуш күтүүсүз болду. Азыркы оор кырдаалда 5 жылдык тажрыйбамды колдонуп, кызмат кылам деп ойлойм” – деп жооп берди Аида Исмаилова.
Депутат Алтынбек Жунус уулу өкмөттүн жумушу менен депутаттын жумушунун айырмасы болсо керек деп, Аида Исмаиловага ишине ийгилик каалап өттү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ