Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 175 адам бир сутка ичинде кайрылган. Алардын 98и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымата ылайык, кайрылгандардын 55и ооруканага жаткырылган, алардын 45и жаш балдар.
Вирустук инфекциялар менен 26 адам кайрылган, алардын 13ү ооруканага жаткырылып, 13 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ