Menu

Журналист Арстанбекова депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаевдин абийирин төктү

Бөлүшүү:

Ар дайым коомчулукта болуп жаткан көйгөйлөрдү түз эфир аркылуу чагылдырып, болгонун болгондой айткан эч кимге көз карандысыз журналист Алтынай Арстанбекова ЖК депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаевдердин абийирлерин айрандай төктү эле экөөнүн фейктери журналистти тепкилеп жатып калды. Төмөндө, Алтынайдын ФБдагы пикирин берели: ЖК депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаевтер көз карандысыз журналист мени Алтынай Арстанбекованын айткан чындыгын жаап жашырыш үчүн менин оозумду жаба албай Цукербергге даттанышыптыр.)))

Албетте, миңдеген фейктери аркылуу арызданса керек. Чын чычалайт, Жанар. Андан көрө кесиптеш акең Нурбаев экөөңөр 5 жыл ЖКте бекер отурбай бир мандаттуу шайлоону камсыз кылып мыйзамга өзгөртүү киргизсеңер болмок. Ошондо эл сени карыз кылбай, акчасы жок эле шайлап коймок. Карыз болгон сен ак, таза иштеп бермексиң. Болбосо, шайлоочулар бир заматта сенден башка депутатты жөнөтүп, сени алмаштырып коюшмак. Ушундай жол менен парламентти туура иштетпесе, партияга жамынып барып алып, чимкирик аталып шерменде болуп атпайсыңарбы. Же жалганбы? Былтыйып сүйлөбөй отургандар андан көп. Миллиондорду ыргыткандардын заказын аткарып, ошолор буйрук берген гана мыйзамды колдогонуңар жалганбы? Неге эл арасындагы актуалдуу маселелерди көтөрүп чыкпайсынар? Неге буйрук менен гана иштейсиңер? Гүлендин акчасын алган КЛДП Гүлендин буйругун аткарбайт деп кепилдик бере аласыңарбы? Мигранттардан акча чогулттук деп калп айтканыңар билинди. Мигранттар акча бергенге жараша өздөрү да келип ЖКга депутат болсун анда. Мигранттардын берген акчасын актабайсыңар. Нурбаев экөөңөр былтыйып 5 жыл отурдуңар, жашообуз алдыга жылдыбы? Мигранттар окуп отурган болсо, анда ушул жакка жазышсын чындап КЛДП партиясына, Жанар Акаевди колдоп акча жыйнап бердик деп. Айта алышпайт. Анткени, алар акча чогулткан эмес. Берсе да, арзыбаган тыйын чогулгандыр. Каржы маселесин кайдан алганыңарды элге ачыктагыла. Анте да албайсынар. Шерменделер! ”- дейт, Алтынай Арстанбекова.

Булак: “Факты.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: