Menu

Төлөнбек Абдыров, экономика боюнча эксперт: “Россия менен Сауд Арабия келишпестигинен валюта туруксуздугу орун алууда”

Бөлүшүү:

– Төлөнбек мырза, мунайзаттагы баа туруксуздугу эмнеден улам келип чыгууда?

– Мунайзаттын арзандашынын себеби, Россия менен Сауд Арабиясынын ортосундагы келишимден чыгып жатат. Бир келишимге келе албай койгондон улам, орус рублинин куну түшүп, ушундай көйгөйлөр орун алууда. Эң негизгиси, Сауд Арабиясы Россияга басымдык кылып, «мунай затты жерден алып чыкканды кичине токтотуп туралы» деген сунуштарын берип жатышат. Анткени Сауд Арабия Американын сланцтык мунайзатын рынокко жолотпош керек болууда. Россия болсо «кандай көлөм болсо ошону алып чыгара берем, мага керек» деп жатат. Эки өлкө ушул маселеден улам келишимге келе албай, Россияда биржалар бар болгондуктан, рублдин куну түшүп кетти. Бирок, куну түшкөнү менен акырындап калыбына келет, же ушул бойдон калат. Өтө төмөндөп кетпейт.

– Бизге кандай терс таасири бар?

– Биздин Россияда иштеп жүргөн миңдеген мигранттарыбыз үчүн көйгөй болот. Акчанын куну түшкөнү – жиберген акчалары да азая түшөт. Бирок менин оюмча, бул көпкө созулбайт. Акырындык менен ымалага келишет. 18-мартта Россия менен Сауд Арабия башчылары жолугушат. Кайра бир келишимге келишип, баары турукташып калат деген пикирдемин.

– Күйүүчү май биздин өлкөдө арзандашы мүмкүнбү?

– Бизде күйүүчү майлар Россиядан дагы баасы төмөнүрөөк. «Газпром» ар кандай жеңил жолдорду таап, ташып келип жатат. Мыңдан дагы арзан болушу мүмкүн эмес.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: