Кечээ, 12-март күнү Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ишканасынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү. Анда мунай-газ тармагындагы каржылык-чарбалык ишинин негизги маселелери, ишкананын өткөн жылдагы жетишкендиктери жана 2020-жылдагы өнүгүүнүн стратегиялык планы талкууланды.
Акционерлердин чогулушуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов жана Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов катышты.
Ошол эле күнү Директорлор кеңешинин биринчи отурумунда, “Кыргызнефтегаз” АККнын башкармасынын төрагасынын орун басары болуп Рысалиев Таалайбек Кумашевич бир добуштан шайланды. Ал бул кызматта 2017-жылдын май айынан бери иштеп келет.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан Таалайбек Рысалиевге “кризис-менеджери” катары жогорку баа берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ