Бүгүн, 16-мартта Бишкектеги Ленин райондук акимчилиги ун жетиштүү экенин, эки-үч күндөн кийин ундун баасы кайрадан калыбына келе турганын билдирди.
Алардын айтымы боюнча, эл паникага алдырып, азык-түлүктү, унду массалык түрдө сатып алгандыктан, алардын баасы көтөрүлүп жатат.
“Бизде ундун запасы жетиштүү, ун түгөнүп калбайт. Азыр биз ун ташуучулар менен сүйлөшүп келдик. Алар өздөрү дагы ундун баасы бир жумадан кийин түшөт деп жатат. Ошондуктан паникага алдырбагыла… Эки-үч күн күтүп койсоңуздар ундун баасы калыбына келет” – деди акимчиликтин өкүлү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ