Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: «Кылычевдин 70 млн доосунан кийин 3 миллиондоп доо берген Атамбаев жакшы эле турбайбы деп калат окшойбуз»

Бөлүшүү:

— Бегалы мырза, сизди, сизге таандык “Кыргызстан Бүгүн” деген сайтты жана активист Аскарбеков Мавлянды ашынган КСДПчы Алга Кылычев 70 млн сомго сотко бериптир. Кылычевти териктиргендей ал тууралуу кандай маалыматты чыгардыңыз эле?

— Эсиңерде болсо 2016-жылы февралда “Деньги и власть” сайтынын редактору Турат Акимовго куралдуу кол салуу болуп, ал сакайып чыккандан кийин маалымат жыйын өткөргөн. Ал жыйында журналист Акимов ага кол салуу буйрутма болгонун, буйрутманын артында Ички иштер министри Мелис Турганбаев турганын жарыялаган. Аны бардык маалымат каражаттары кеңири чагылдырган. Ошол замат Мелис Турганбаевди коргоп, Алга Кылычев деген бирөө социалдык тармактарда ар ким менен айтыша баштады. Бул ким экен деп турсак, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун Алга Кылычев тууралуу посту жарыяланып калды. Анда Аскарбеков “Алга Кылычев кечээ эле, 2010–2011-жылдары жаңы бийликке оппозиция болуп, биз менен жүргөн, анан эми аркы жээкке өтө качып, бийликти мактап, 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо КСДПнын тизмесине кирип депутат болом деп чуркаган, 2015-жылы парламенттик шайлоодо да КСДПнын тизмесине кириптир. Өзү Мелис Турганбаевдин жердеши” деп ага мүнөздөмө берип, андан ары постунун негизги мазмуну — ​бул жаңы бийликтин 6 жыл аралыгындагы өлкөнү кризиске алып келген 10 кемчилигин санап, бийликти адилеттүү сындаптыр. Посттун негизги жана көп бөлүгү бийликтеги коррупция, өз билемдик, Кумтөрдөгү алтындын дагы деле уурдалып жатышы, Батукаевдин эркиндикке чыгарылып жиберүүсү, Бакиев менен бирге иштешкен чоңдорду кайрадан бийликке алып келип жатышканын сындаган. Биздин редакция ошол постту 2016-жылы 28-февралда жарыялаган, азыр гуглга кирип карасак, ал постту бизден башка сайттар да жарыялап талкууга койгон экен. Алга Кылычев эми 2 жыл өткөндөн кийин ошол материалга доо артып, бизди сотко бериптир.

— Кылычев 70 млн сомго арыз берип, “шефи” Алмазбек Атамбаевден да аброю чоң экенин көрсөтүп, мурунку президентти бир аз ыңгайсыз абалга калтырып койбодубу?

— Ошого биз да таң калып жатабыз, буга чейин Атамбаев өз кадыр-баркы үчүн 3 миллиондон доо артып жүрсө, элдин баары баш чайкап, нааразы болчубуз, эми Кылычевдин 70 миллионунан кийин “Атамбаев жакшы эле турбайбы” деп калат окшойбуз.

— Кылычев да Мискенбаевдин сөзүн улантып, Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшырып берүүсүн талап кылып, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейбиз, биз революцияны ал үчүн жасабаганбыз деди. Кылычевдин мурунку бийлик менен күрөшкөнүн көрдүңүз беле?

— Алга Кылычев деген КСДПчы бар экенин мен 2016-жылы уктум, анын үстүнө мурунку досу Мавлян Аскарбеков айтып жатпайбы, 2012-жылга чейин Кылычев биз менен жаңы бийликке оппозицияда жүрчү деп. 2010-жылга чейинки оппозициянын ичинде Алга Кылычев деген бар экенин мен билбейм. 2016-жылдан кийин Фейсбукта бирөө Алмаз Атамбаевдин чачы агарган, бир аз кыйналган түрү бар сүрөтүн коюп алып: “Урматтуу Алмаз Шаршенович, сиз эл деп, мамлекет деп жүрүп чачыңыз агарды, карыдыңыз…” деп сыйынгандай таризде пост жарыялаганын окуп, ким экен деп карасам Алга Кылычев деген экен, ошондон кийин аны эстеп калдым. Жеке тааныш эмеспиз, мамилебиз такыр болгон эмес.

Булак: Жаны Ордо

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: