Бүгүн, 16-март күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө өткөн жыйында Кыргызстанда коронавирусту келтирбөө үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты.
Ал коңшу мамлекеттерде, Казакстанда жана Өзбекстанда коронавирус илдетине чалдыккандар катталганын айтып, аталган өлкөлөрдүн бийлиги коронавирус менен күрөшүүдө чоң жумуш аткарып жатканын белгиледи.
“Бизге экономикалык жактан, социалдык жактан, жарандарыбыздын абдан көп катышы бар мамлекеттерде коронавирус оорусу чыкты. Биздин жарандар Өзбекстанга кирип, алардын эли бизге кирип турушат. Ошондуктан бул коркунуч бизге абдан жакындады. Ал эми Казакстанда биздин 60 миңден ашык жарандар эмгек мигранттары катары жүрөт. Күнүгө автотраспорттор, товарлар, жарандар кирип чыгышат. Мунун себебинен коронавирус оорусунун Кыргызстанга келүү коркунучу абдан күчөдү. Буга байланыштуу мурунку иштеп жаткан тартиптен дагы абдан ыкчам чараларды көрүп, медицина жагында, авиакаттам, темир жол, автожол менен кирип жаткан ар бир адамды текшерүү процесси күчөйт” – деди премьер-министр.
Муну менен катар ал кээ бир текшерүү процесси узак болушун айтып, коомчулукту чыдамкайлык менен мамиле кылууга чакырды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ