Коронавируска байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү жылдырылбайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, азырынча шайлоону жылдыруу көрсөтмөсү келе элек. Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында боло турчу жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү белгиленгендей эле 12-апрелде өтөт.
Белгилей кетсек, 13-мартта айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктап, 375 мандатка 954 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинде 296 адам – аялдар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ