Menu

Видео – Абаз Мамбетакунов, адвокат: “Менин коргоомдогу Максат Жапаров 4 миң сом үчүн менен камакта отурат, миллион жегендер сыртта жүрөт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-январда, саат 14:00до Бишкектеги Ленин райондук сотунда  “4 миң сом жана электрошокер уурдады” деген айып менен шектелип кармалган 19 жаштагы Максат Жапаровдун баш коргоо чарасы каралмак. Сот отуруму айтылган убакыттан эки саат кечикти,  саат 16:00го чейин судья Бакыт Сагымбаевдин 17-кабинетинин алдында айыпталуучунун  адвокаты, ата-энеси, туугандары менен кошо журналисттер зарыгып күтгүк. Максат Жапаровдун адвокаты Аваз Мамбетакунов  “башка жакта соттук процесс бар эле” деп, соттук отурумду башка күнгө жылдыруу боюнча өтүнүч кат менен кайрылып, ал канааттандырылып, соттук отурум 20-январга жылды.

Максат Жапаровдун адвокаты Абаз Мамбетакуновдун айтымында, анын коргоосундагы айыпталуучууну айыптоодо мыйзам бузуулар бар. 4 миң сомдон тышкары, электрошокердин баасын эки миң дешкен. Же ал боюнча кагаз жок. Ал эле эмес, адвокаттын өзүн да Максат Жапаровду беттештирүүдө, тергөөчү аны катыштырбай, кагып, сөгүп, кууп чыккан. Анын себебин жана коргоосундагы баланын акыбалын адвокат кейип, айтып берди. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: