Казакстандын жарандарына 15-апрелге чейин өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бул тыюулар дарыланыш үчүн башка өлкөлөргө барууга мажбур болгондорго тиешелүү эмес. Бирок алар алдын-ала Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлигине сөзсүз түрдө билдирүүсү керек.
15-мартта өлкө башчы Касым-жомарт Токаев Казакстанга 16-марттан 15-апрелга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген.
Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда 9 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ