Казакстанда коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны 13кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигини бүгүн, 17-мартта пресс-конференцияда маалымдаган.
Такталгандай, Алматы шаарында коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталган.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө 13 адам коронвирус инфекциясын жуктурду. Алматы шаарында – 11, ал эми Нур-Султан шаарында – 2” – деп маалымдайт минитсрлик.
Белгилей кетсек, 13-мартта Казакстандын эки жаранынан биринчи жолу коронавирус табылган.
11-март күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы типтеги коронавирусту “пандемия” деп жарыялаган.
Эсиңиздерге сала кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – COVID-19 экени аныкталган. Учурда коронавирус илдети дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда. Ал эми Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча коронавирус илдети менен ооругандар катталган жок,
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ