Бүгүн, 17-март күнү Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум жабык эшик артында өттү.
Сот залынан чыккандан кийин Курсан Асанов өзүнүн күнөөлүү эмес экенин баса белгиледи.
“Мен так кесе айтайын бүгүнкү баардык көрсөтүлүп жаткан эки, үч эпизод тең баардыгы токулган жомок. Соттун жүрүшүндө мен ак экенимди далилдеп бере алам, кошумча күбөлөр дагы бар. Мен мурда дагы айткам, укук коргоо органдары менен иштегеним үчүн мен кесиптештеримди сыйлайм жана аларга ишенгем. Бирок ошолордун арасында ушул окуяга кызыкдар эки, үч кызматкерлер бар. Алар аскердик прокуратуранын жардамы менен тергөө амалдарын бир тараптуу кылып алып барган. Соттук чечимде баардыгы оң жолго чечилет деп терең ишенем”, – деди Асанов.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ