Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тиешелүү буйрукка Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев бүгүн, 18-март күнү кол койду.
Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал мезгилинде төмөнкү иш чараларга убактылуу чектөөлөр коюлат.
– коомдук тартипти сактоону күчөтүү, мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди кайтаруу, ошондой эле элдин жашоо-турмушун камсыздаган объектилерди коргоо жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
– эл көп чогулган объектилердин ишмердүүлүүгүн токтотуу;
– Сузак районунун аймагына кирүү тыюу салуу, ошондой эле транспорттун ар кандай түрү менен чыгууга чектөө киргизүү; (Бул тыюу салуулар райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары).
Белгилей кетсек, Жалал-Абаддан Меккеге умрага барып келген 3 адамдан коронавирус табылган. Коронавируска чалдыккан 70, 62 жана 46 жаштагы жарандар Жалал-Абаддагы ооруканада дарыгерлердин көмөлүндө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ