Menu

Адиль Турдукулов КСДПга жаңы кан жүгүртө турган болду

Бөлүшүү:

Мындан эки жыл мурун, Алмазбек Атамбаев бийликтин баарын чогултуп, алаканына мыкчып олтурган кезде, саясатта активдүү болуп, Атамбаевдик саясатка каршы сөз айтып жүргөн Адиль Турдукуловду кийинки шайлоодо КСДП менен мурунку шефин жандап барат деп жазганыбызда эч ким ишенген эмес. Азыр Адиль менен Атамбаев кайрадан тил табышып, саясий аренада бир болууга сөз беришип бирикти. Ал тургай эртең Атамбаев башында турган КСДПнын съездинде Адиль Турдукулов саясий кеңештин мүчөсү болуп, жаңыдан түзүлгөн партиянын ичиндеги комитеттердин бири жүктөлө турган болуп жатат. Турдукулов саясатта түз жүргөнү менен башкалардан айырмалана алган жаштардын бири. Атамбаев жаштар менен команда түзөм деген оюн ишке ашырам десе, өзү кезектеги шайлоого чыгам деп чамынбастан, жалаң жаштарды коё берсе болмок. Ошондо туура чечим кабыл алмак. Жаны ачышып турган адам андай кадамга кайдан бармак эле… Өзүнүн кара башын сактап калам деп жатып келечеги бар балдардын саясий жүрүшүнө да балта чапчудай болуп туру.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: