Бүгүн, 18-март күнү коронавирус инфекциясы Кыргызстандын аймагына дагы жеткенине байланыштуу КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков видеокайрылуу жасады.
Ал коронавирустун келиши убакыттын гана маселеси болчу экенин белгилеп, бизге келмек экенин айтты.
“Бул деген сасык тумоонун эле оор түрү. Барыбыз санитардык ыкмаларды толугу менен колубузга алып, жуунуп-тазаланып, дайыма антисептиктерди колдонуп, медициналык беткаптарды кийели” – деди Илим Карыпбеков.
Мындан сырткары, ал эч кандай трагедия болбогонун айтып, “тартип жана жоопкерчилик менен жеңебиз” деп айткан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ