Menu

Жамин Акималиев: “Бажы биримдиги карапайым элди банкротко учуратты”

Бөлүшүү:

–Жамин ага, ЕврАзия экономика биримдигине киргенибизге бир жылдан ашты. Айыл чарба адиси катары күнгөй-тескейине токтолуп кетсеңиз, эмне утуш болду, эмнеден уттурдук?

–Былтыр август айында киргенбиз. Октябрь болду. Анча-мынча жыйынтык чыгарса болот. Бажы биримдигине киргендин пайдасынан зыяны көп болуп атат. “Орусия, Казакстанда иштеп аткан мигранттарга жакшы шарт түзүп, кенен-кесир кирип калышты” деп чоңдорубуздун беттерине кармап айтып келгендеринин жыйынтыгын көрүп атабыз. Тилекке каршы, баары тескерисинче болуп атат. Анын бири Москвада алмончоктой болгон 14 кызыбыздын трагедиясы. Жакында эле ошо жакта болгонумда “эч кандай жеңилдик жок” дешти. “Патентти сатып албай эле жумушта иштей бересиң” дегендери жөн эле куру сөз экен. Бүгүнкү күндө расмий маалымат боюнча Россияда иштеп аткан биздин жарандарыбыздын саны 570 миңди чапчып отурат. Анын 120 миңи “кара тизмеде” отурат. Бир жылдан ашык убакыттан бери жойсок болот эле да. Миграция боюнча уюмдарга, ТИМге, элчиликтерге кайрылып көрүшкөн. Жакында президент да бул боюнча маселе көтөргөн. Бирок, азаймак тургай көбөйүп атат. Же үйдө, же Чүйдө жок депортация болгон адамдар. Болгону беш мамлекет (Кыргызстан, Россия, Казакстан, Белоруссия, Армения) киргенбиз. Киргенден кийин бир жылдан бери сүйлөшүп, эмне себеби бар экенин аныктап, “кара тизмедеги” адамдардын санын жоюу аракетин кылган эч ким жок. Темир Сариев премьер-министр кезинде эки президенттин көзүнчө: “Төрт эркиндик болот. Биринчиси, жумушчу күчтөрү ээн-эркин бири-бирине кире берет. Экинчиси, товарлардын баары эч бир тоскоолдуксуз кирип турат. Үчүнчүсү, каражат, акча, буюмдар эркин болот жана төртүнчүсү, кызмат кылуу эркин болот” дебеди беле? Ошонун бири да аткарылган жок. Бажы биримдигине кирген беш мамлекет боюнча аэропорт же аба каттамында “эч бир тоскоолдуксуз өтөт, оңой болот” деген кагазда бир пункт бар болчу. Анысы да жок. Баягыдай эле узун кезекке туруп өтмөй.

–“Тоскоолдуксуз өтөт” деп калдыңыз, коңшу Казакстанга биздин өндүргөн продукцияларыбыз өтүп атабы, кабарыңыз бар чыгаар?

–“Товардын баары эркин өтөт” деген курулай сөз болуп калды. Быйыл эле май айында картөшкөнү Казакстан тосуп, өткөрбөй койду. Премьер-министр айтып, анын тилин албай, анан президент Астанага барып, араңдан зорго чечкен эле. Баары бир тоскоолдуктар болуп атат. Андан кийин миңдеген тонна жашылчаны өткөрбөй кайра кайрылышты. Башкасын айтпаганда этти эмне кылабыз? Кыргыздар “малды көбөйтүп, коңшу Казакстанга өткөрүп жыргайбыз” дешкен. Бүгүнкү күндө 6 млн. кой-эчки, бир жарым млн. кара мал болду. СССРдин тушунда мындай болбогон, миллионго жетчү эмес. 500 миң жылкы, бу да так эмес, андан да көп болушу мүмкүн. Совет доорунда эң бийик көрсөткүч 350 миңге жеткен. 50 миң чочко, 7 млн. бакма үй канаттуулар, тоок, өрдөк ж.б. Жакында эле Нарындан келдим. Малдын баары өтпөй арзандады. Малчылар банкрот болуп атышат. Мисалы, мындан бир жыл мурун, Бажы биримдигине киргенге чейин бир жылкынын баасы 100 миң сом турчу. Азыр былчыйган семизи 50 миң сом. Ак-Талаада да болдум. “Арпа” жайлоосунан мал семиз түштү, койлор мурун 10 миң сом эле азыр 5 миң сом. Уйлар 60 миң сом болсо, азыр 30 миңден ашпайт. Баардыгы эки эсе арзандады. Карапайым эл банкротко учурап атпайбы…

–Эмнеге азыр казактар биздин малды албай калды?

–Бажы биримдигине кирерде мен айткам. “Биз берки төрт мамлекет алдында чабактай болгон балыкпыз. Алар киттер, акулалар. Ошолорго атаандаштык жагынан туруштук бере алабызбы?” деп сураганымда, “Жо-ок, ал жөнүндө кеп болбошу керек. Келишим түзгөндө баардыгы бир калыпта, бир тууган, Советтер Союзундай болуп жашап калабыз” дешкен. Эми тескерисинче, атаандаштык болгондо да кандай болуп атат, өзүнүн базарын, өзүнүн малын жакшы сатыш үчүн атайын бизди өткөрбөй жатышат. Алар билишет, биздин картөшкөдөй даамдууну эч жерден таба алышпайт. Эт-сүттөрүбүздү айтпай тек коелу. Мунун баарын билишет. Илгертен казак-кыргыз бир тууган болуп келебиз. Бирок, казак боордоштор өздөрүнүн атамекендик продукцияларын жарнамалап, “өзүбүздүн азык-түлүк өтсүн” деп, бир четинен өздөрүн коргоп, бир четинен бизди кордоп атат. Алар бизди киши катары көрбөй калды. Мунун баары карапайым дыйкандарыбызга тийип атат. Дагы бир шылтоосу: “Силерде оору көп экен, шарп, бруцеллёз, кутурма, туберкулёз бар” дешип. Эмне Казакстанда жок бекен? Шарп толтура. Ал жактын малы деле биздикиндей ооруйт. Дарылашпайт. Жинимдин кашайганы, алардын эттери, курттаган ундары, өсүмдүк майы, нымдашкан кумшекери биз жакка шакылдап өтүп атат. Биздики ал жакка өткөн жок. Бажы биримдигине өтүп атканда эмне дешти эле? “Беш мамлекет калкынын санына, аймагынын кеңдигине карабайт, шарты баардыгыныкы бирдей болот” дешкен. Андай болгон жок. Өткөндө биздин айыл чарба министринин орун басарына суроо бердим: “Эмнеге биздин азык-түлүк, жашылча-жемиш, эттерибиз Казакстанга өтпөй атат, алардыкы бизди басып калды. Казактарды кармадыңарбы?” десем, “алардыкы таза экен” деп айтып, жанды күйгүзүп атат. Эмне үчүн биздики шылтоо таап өткөрбөй койбойт? Кыскасы, биздин айыл чарба министрлигинин, ветеринария жана фитосанитария агенттиги иштебегени аз келгенсип, бу жерде коррупция жатат. Аны менен күрөшкөн бир да жан жок.

–Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө продукциябыз өтпөй калып, аябай жабыр тарттык. Мындан чыгуунун жолу барбы?

–Ооба, сөзсүз. Биз былтыр 1 млн. 200 миң тонна картөшкө өндүрдүк. 150 миң тонна картөшкө зыянга учурап же малга берилди же талаага ташталды. Мурун Казакстанга сатып эле келгенбиз. Бажы биримдигинин залакасы ушу. Жашылчабыз 400 миң тонна өтпөй кайра келди. Арзан баада сатылды же чирип жок болду. Түштүктө Баткендин өрүктөрүндөй башка өлкөдө жемиш барбы? Анын дарычылык касиети теңдешсиз. Жеген адамдын жүрөгү оорубайт, ашказаны тазаланат. Кан басымды бир калыпта кармап турат. Мына ошону биздикилер Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө өткөрө албай коңшу, бажыга кирбеген тажиктерге апарзан баада сатышты. Алар өз учурунда бир эле райондо өрүктү иштете турган төрт завод куруп, ширесин, өзүн кургатып, кагын кайра эле бизге 5-10 эсе кымбат баада сатып аткандарына жаның ачыйт. Жок дегенде ушуга мамлекет жардам берип, Баткендин өзүнө өрүк заводун куруп берсе болбойт беле?

–“Жемишиңер жарабайт, мал-жандыгыңар оору-сыркоо, этиңер талапка жооп бербейт” деп атса, бизде ушуларды көзөмөлдөй турган ишкана барбы?

–Андай ишкана бар. Бажы биримдигин камсыз кыла турган өкмөт алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык, коопсуздук боюнча агенттик ачылган. Ушу кезде 70 киши олчойгон айлык алып, иштебей отурушат. Айыл чарба министрлиги агенттикке шылтайт, агенттик болсо айыл чарба министрлигине түртө салат. Мамлекетибиз кыйналып турган кезде экөөнүн башын бириктирип эле айыл чарба министрлигине кошуп коюшса болмок. Өткөндө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутаттарга кайрылып, “экөөнү бир эле министрликке кошуп койбойсуңарбы” деп жакшы эле сунушун айтса, депутаттар тескери сийип туруп алышты. Анан Бажы биримдигине кирген коңшу мамлекеттер бизге “мал-жандыгыңарды идентификациялагыла” деп сунуш киргизген. Жадагалса ошону алдыга жылдырган бир жан жок. Өкмөт кыйналганына карабай “малды идентификациялагыла” деп, мындан бир жыл мурун 40 млн. сом берген. Бир ай мурун “ким идентификациялайт?” деген таризде тендер жарыялап, утуп алган компанияны “ой бул компания биздики эмес турбайбы” деп соттошуп атышат. Демек коррупция бар. Утуп алган фирма үстөгүн бербей койсо керек? Ошентип, ушу убакка чейин биздин бир да мал идентификациядан өтө элек болуп атат. А миллиондогон мал-жандыгыбызды өткөрүш үчүн бир эле эмес, эки-үч жыл деген убакыт талап кылынат.

–Жамин ага, мейли биздин өкмөт “мунжу”, “шал” болуп калыптыр. Ал эми Бажы биримдигиндеги жетекчилер эмнеге унчугушпайт, биздин таламды талашкан бирөө-жарым а жакта барбы?

–Кептин баары ушунда болуп атат. ЕврАзиялык комиссия деген бар, штабы Москвада жайгашкан. Беш мамлекеттин ортосундагы чыр-чатакты ошолор чечишет. Ошонун башчысы мурун Россия болчу. Жакында “Бажы биримдигине биз да мүчөбүз” деп Армения апкетип калыптыр. Мындайда Казакстан бизчилеп уктап калбай, Астана шаарына Бажы биримдигинин эсеп-кысабын, акчасын чече турган каржы борбору кылып ачып атыптыр. Быйылкы жылы ЕврАзиялык биримдиктин төрагасы Нурсултан Назарбаев экен. Эми жанагы соттук териштирүү ЕврАзия экономикалык соттун борбору Минскиде болуп атат. Ошентип, Кыргызстанга эчтеке жок. Кыскасы, мындай жөнөкөй сүйлөшсөк теңине албай, киши катары көрбөй, жок дегенде Бажы биримдиги бийлигинин бир бутагын бизге бербей койгонунда кеп жатат. Аны биздикилердин ойлонгонуна да күмөнүм бар. Болбосо ЕврАзия комиссиясына мүчө болуп кирип, биздин таламды талашмак да.

–Бажы биримдигине кирген учурдан берки жыйынтыкка келели…

–Менде жарым жылдын жыйынтыгы бар. Январь айынан июнь айына чейинкиси. 2016-жылдын Кыргызстандын тышкы соода жүргүзүүсү 2 млрд. 360 млн. долларды түзгөн. Ушунун ичинен экспорт (сыртка сатканыбыз) болгону 510 млн. доллары гана же болбосо 20 пайыз. Ал эми импорт (сырттан келген) 1 млрд. 850 млн. доллар же болбосо 80 пайыз. Бул сандар тескерисинче болуш керек эле. Ал эми Бажы биримдигине киргенге чейин импорт эки эсе эле көп болчу. Азыр төрт эсеге чыгарып ийдик. Алты айдын ичинде жалпы жонунан экспорт 30 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде кийим-кечек 23 эсе азайган. Айыл чарба жаатында сүт азыгы 1,3 эсеге же 80 пайызга  азайган. Пахтаны сатуу 2,5 эсеге азайган. Жашылчаларды сатуу 50 пайызга азайган. Тирүү малды сатуу 5 эсе азайган. Мына сага Бажы биримдиги! Өзүңөр талдап алгыла.

–Айыл чарба министрлиги ушу сандар аркылуу талдоо жүргүзүп, өлкөнүн дыйкандарына, жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө жараша тыянак чыгарып, “силер муну сепкиле, силер муну өндүргүлө” деп болжолдуу кеп-кеңештерин айыл өкмөттөргө айтышпайбы?

–Дүйнөлүк болбосо да Бажы биримдигине жараша айыл чарба министрлиги маркетинг жасаш керек эле. Кана? Жасабай атпайбы. Биз кымындай өлкө болгонубуз менен Нарын облусу башкача, Ысык-Көл өзүнчө, Ош ысык, Талас салкын, Чүйдө баары өсөт. СССР тушунда илимий негизде баарын аныктап коюшкан. Анткени айыл чарба министрлиги алдында төрт килейген институт бар болчу. Дыйканчылык илимий-изилдөө, мал чарбачылык, суу чарба жана ветеринардык илимий-изилдөө институттары. Бул өмүр бою айыл чарба министрликке кызмат кылып келген. “Кандай өсүмдүктөрдү кай жерге өстүрү керек” деп жазып берчүбүз. Эми ошону айыл чарба министрлиги 2009-жылы эл агартуу министрлигине алдырып ийип атпайбы. Ошондон бери мен самырдай какшап, “ушу төрт институтту айыл чарба министрлигине берип, бирге иш алпаралы” деп келем. Бирөө-жарымы угуп койсочу. Жогорку Кеңешке төрт жолу кайрылдым. Анан бизге ушундай айыл чарба министрлигинин кереги барбы? Эч нерсе иш кылбаган министрликке мамлекеттик бюджеттен борбордук аппаратына 2 млрд. сом бөлүнөт. Ошонун 2 тыйынын актап атабы, жок. Андан көрө жоюп салсаң, ошого кеткен 2 млрд. сомду дыйкандарга 5 пайыздык кредит кылып берип койсо пайдасы тиймек. Ал эми асыл тукум малдын же “голубой” кочкорлордун эл агартуу министрлигине эмне кереги бар?

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: