Сауд Арабияга умрага барып келген Баткендин 7 тургуну обсервациялоо жайларына жайгашты. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 18-мартта билдирди.
Такталгандай, Баткен районунан 6 адам жана Кадамжайдын бир жашоочусу ооруканага жайгаштырылган. Алардан коронавируска анализ алынган. Алардын бардыгынын абалы туруктуу. Коронавирус инфекциясынын белгилери жок.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда 3 адамдан коронавирус аныкталганы маалым болгон. Үчөө тең Жалал-Абад облусунун Сузак районун тургундары. Алар Сауд Арабияга умрага барып, 12-мартта кайтып келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ