Menu

Депутат Тариел Жоробеков: «Менимче, чыгарылып кеткен алтын аралашмасына салыкты 3 пайызга көбөйтүү өтө аздык кылат, мындан дагы жогору чекти белгилөө керек»

Бөлүшүү:

Жогорку Кенеште өлкө аймагынан чыгарылып кеткен алтын аралашмаларына карата салык өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда, депутат Тариел Жоробеков буга чейин өлкө аймагынан канча көлөмдөгү алтын аралашмасы чыгарылып кеткенине, ал аралашмаларындагы алтындын өлчөмүн кимдер аныктап, улуттук кызыкчылык кимдер коргой турганына кызыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

«Менимче, өлкө аймагынан чыгарылып кеткен алтын аралашмасына карата салыкты 3 пайызга көбөйтүү өтө аздык кылат, мындан дагы жогору чекти белгилөө керек», – деди депутат.

Баяндамачы алтын аралашмаларынын өлчөмүн аныктай турган көзкарандысыз 4 лаборатория бар экенин, ошолор аныктай турганын билдирди.

“Албетте, айрым тобокелчиликтер да бар. Аралашмалардын курамын аныктоо 3 көзөмөлдөн өтөт. Эгер ката кеткен болсо, текшерген лабораториянын аккредити чакыртып алынат. Ошондуктан, алар дагы ишенимден чыкпоо аракетин жасайт”, – деди ал.

Ал эми Жер казынасын пайдалануу комитетинин өкүлү Карыбек Ибраев көзкарандысыз лабораториялардан тышкары мамлекеттин борбордук лабораториясы да бар экенин, бирок анын жабдуулары менен эл аралык аккредити жок экенин кошумчалады.

“Эгер каражат бөлүнсө, аны жабдып, мамлекет алтын аралашмаларынын өлчөмүн аныктоо милдетин өзүнө алса болот”, – деди ал.

Бир катар депутаттар алтын аралашмаларын сыртка чыгарып кетүү өнөкөтүн токтотуп, аларды өлкө аймагында иштетүү зарылдын белгилешти. Ал үчүн Өкмөт кен казылган жерде кен ылгоочу фабрикаларды куруу талабын коюшу керек. Мындай иштиктүү чаралар чет өлкөлөрдүн ортодогу пайдакеч ишканаларынан кутулууга өбөлгө түзүп, Кыргызстандын экономикасы үчүн кыйла пайдалуу болот.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү кен-байлыктарды иштетүүгө 2435 лицензия берилген, ал эми 89 лицензия алтын кендерине таандык. 2019-жылы Кыргызстандан 74 миң тонна кен-байлык аралашмасы сыртка чыгарылып кеткен, анын ичинде 5,5 миң тонна алтын аралашмасы бар. Анын көлөмү жылдан-жылга өсүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: