Menu

Казакстанда кайрадан монархия орнотуу идеясы айтылууда

Бөлүшүү:

Казакстандык жаш акын Балтабек Нургалиев казак тилдүү бир катар басылмаларга берген маегинде «өлкөнү Назарбаевдердин династиясы гана башкарышы керектигин» билдирди. Ал Казакстанда монархия орнотуу идеясын айтып чыккан өлкөдөгү жалгыз адам эмес.

Өткөн жумада казакстандык жаш акын Балтабек Нургалиев Фейсбук баракчасына Казакстанда монархия орнотуу сунушун жазган. Анда ал Казакстандын «Түбөлүк эл» болушун монархия гана кепилдей ала турганын билдирген. Жаш акын айрым басылмаларга берген маегинде өз демилгесин тактын болочок мураскери жаш кезинен тарта өлкөдө туруктуулукту, коопсуздукту сактай ала тургандай жана саясий сүйлөшүүлөрдөн алыс болуп тарбиялана тургандыгы менен түшүндүргөн.

Нургалиев — Казакстанда монархия орнотуу идеясын айтып чыккан алгачкы казакстандык эмес.

2006-жылы Рахат Алиев (ал кезде президенттин күйөө баласы болчу) «монархия гана коомго туруктуулукту кепилдей аларын» билдирген.

Саясат таануучу Досым Сатпаев бул демилгелер көптөгөн жылдардан бери бийлик алмашпай келген казак саясий системасынын жаратылышын көрсөтүүдө деп эсептейт. Анын пикиринде, бул монархиянын мүнөздүү белгиси катары саналат.

Укук коргоочу Амангелди Шорманбаев Конституция боюнча Казакстан президенттик башкаруу формасындагы мамлекет болуп эсептелерин белгиледи. Анын айтымында, монархия орнотуу үчүн өлкөнүн баш мыйзамын жоюу керек болот.

2015-жылы апрелде Нурсултан Назарбаев расмий маалыматтар боюнча добуштардын 97,7 пайызын алып, кезектеги президенттик мөөнөткө шайланган. 77 жаштагы Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: