Menu

Отунбаева апчебиз эмнеге биротоло айнып баратат? Жыныстык тескери ориентациядагылардын башкы идеологу жөнүндө

Бөлүшүү:

Кайсыл бир саясатчы айткандай, буга чейин Кыргызстандын президенттен жолу болбоду. Алгачкы эки президенттин коррупцияны ооздуктатмак түгүл аялына, балдарына жана бир туугандарына алдары жетпеди. Элдин каргышына калып, чет өлкөлөрдө качкын болуп жүрүшөт. Төртүнчүсү абийирдүү үйгө киргизбей турган алкаш, сөйрүк экендигине карабастан кудайдан жөө качкан “временшиктердин” аркасы менен бизди алты жыл башкарды.

Ал эми АШАны бакчанын баласындай кылып инаугурациясына колунан бекем кармап жетелеп келген үчүнчү Кедейканшасы пенсияга чыккандан кийин эркекофобиянын, лесбиянкалардын жана гомосексуалисттердин башкы идеологуна айланды. Сиздерге анын жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республикалык кеңешмесинин катышуучулары жөнүндө айткандарына көңүлүңүздөрдү буралы: “Баягы филармонияда өткөн регионалдык диалогдо кара таандай болуп отурган эркектерди көрүп чоочуп да кеттик. Жалаң эркектер! 1200 эркек туш тараптан келип, филармонияны басып отурушту… Кыргызстанда мындай кара түр заман жок болчу. Эмне үчүн ушундай позицияларга жалаң эркектерди дайындайт?!”

Өзүңүздөр байкасаңыздар керек, жетимишке жакындап калган нормалдуу ориентациядагы, анын үстүнө согуштан кийинки жесирлердин армиясын аздыр-көптүр көрүп калган аял киши эч качан эркектерден чоочубайт, “кара таандарга”, “кара түр заманга” салыштырбайт”, тескерисинче алардын болгонуна сүйүнөт. Мынча болгондон кийин ачык айтуу керек, эркектерди “кара түргө” лесбиянкалар гана салыштырышы мумкүн. Маселен, бир мектепке же ооруканага барган эркек залда жалаң аялдар отурганын көрүп, оозуна келгенди балп эттирип салса, эжекебиз кандай кабылдамак? Экс-президентша айткандай, ал күнү филармонияны, 2-4-президенттер Ак үйдү төңкөрүш аркылуу ээлеп алышкандай, эркектер штурм же Атамбаев кийин айткандай, референдумда элди алдоо менен басып алышкан жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери түз, ал эми жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчылары кыйыр түрдө шайланышат, демек, алар атаандаш шайлоо процедураларынан өтүшүп, толук легитимдүү мүнөздө мандатка ээ болуунун аркасы менен субьектилердин жетекчилери катары республикалык жыйынга келишкен болчу. Эгерде аялдар республикадагы калктын көпчүлүгүн түзгөндүгүнө карабастан добуш берүүгө келгенде кыз-келиндерге караганда эркек талапкерлерге артыкчылык беришсе, ал үчүн эркектерди күнөөлөөгө болбойт. Андай абалды оңдоо үчүн республикадагы төбөсү көрүнгөн аялдар гейлерди, лесбиянкаларды жана гомиктерди топуратып ээрчитип алып, элдин тынчын албастан гендердик тилектештикти, биримдикти арттыруу үчүн жер-жерлердеги аялдардын уюмдары, активисттери менен тыгыз жана натыйжалуу иштөөлөрү зарыл.

ХХI-кылымдагы эң уят иш уланууда

Р.Отунбаева менен М.Жангарачева баштаган “феминисткалардын” Улуттук көркөм сүрөт музейинин чоң залына Даниядан 3 миң долларга жалдап келишкен аялды жыпжылаңач кылып чечиндирип салып, өздөрү шилекейлерин агыза карап турушкандары ХХI-кылымдагы эң уят иш болгондугун ачык айтышыбыз керек. Дырдай жылаңач даңкайган катынды ал жерге жаткырып коюу аркылуу алар кыргызстандыктарды, биринчи кезекте кыз-келиндерди эмнелерге чакырышкысы, ал аркылуу эмнени айткысы келгендигин алиге чейин түшүнбөдүк. Же алар кыз-келиндерди ушинтип дырдай жылаңач жүргүлө деп чакырышканыбы? Интернетте андан өткөндөрү толуп жүргөндө даңкайган жылаңач аял эч кимди деле таң калтырбайт, аны уюштуруучулардын өтө эле примитивдүү абалга түшүп кетишкендери күлкүнү гана келтирет.

Апичебиз андан кийин аялдардын укуктары үчүн күрөшөбүз деген шылтоо менен 8-10-мартта аялдардын жүрүштөрүн да баштап чыгып, эркектер – эркектер менен, аялдар – аялдар менен турмуш курушу керек дегендердин арасында жүрдү. Ал жерге “Өзүмдүн денеме-өзүм кожоюнмун”, “Бала туубаймын”, “Чай куйбаймын”, “Кайын эне-кайын атага жүгүнбөймүн” дегендей мазмундарды плакаттарды көтөргөндөр да чыгышты. 10-марттагы митингде бир кыз ченеп көргөндөн бетер “У мырк чоро мини чочошки” деген плакатты көтөрүп жүрдү. Ал ошол күнкү митингдин деңгээлин, максатын дагы бир ирет айкындады.

Ыгы келгенде айта кетсек, 2016-жылы декабрда филармонияда өткөргөн кеңешмесинде АША “тоостун куйругу кооз болгон менен түбүндө кадимки эле көчүк да”, “Фаина Раневская айткандай, ар ким өз көчүгүнө өзү кожоюн” деген сөздөрдү айтып, карсылдап күлө чогулгандардын баарын уялткан. Сыягы, ал Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп жүргөндө апичесинен бул жагынан да аябай жакшы тарбия алса керек. Анын айткандарын иш жүзүндө апичебиз пенсияга чыккандан кийин ар кандай багыттарда, формаларда улантууда.

Көчүк маселесинен качан жогору көтөрүлүшөт?

Аялдардын укуктары жөнүндөгү маселеге келгенде Р.Отунбаева, М. Жангарачева баштагандардын көчүк маселесинен жогору көтөрүлө албай, ошонун айлана тегерегенинде эле экстраординардуу нерселерди жасашып, айтышып жатышкандары өкүндүрөт. Биринчиден, эки айым тең алтымыштан эбак ашкан адамдар. Ал жаштагыларды элибизде нускалууларын; байбичелер, энелер деп ардакташса, андай деңгээлге көтөрүлө албагандарын жөн эле кемпирлер деп коюшат. Түбөлүк демократ Т.Тургуналиевдин айтымында, жаш кезинде анын Бурма деген бир энеси басса-турса эле; “айланайын кудай, алсаң да мени айнытпай ал” деп тилене берчү экен. Алтымыштан ашкандан кийин насил-наркты, каада-салттарга ылайык нуска сөөлөттү сактап жүрүү да чоң дөөлөт, ал үчүн акыл жана оор басырыктуулук, оозунан чыккан ар сөзгө, жасаган иштерине дайыма сын көз менен караган зиректик талап кылынат. Айылда алтымыштан ашкандан кийин неберелери менен курбалдаш балдарга теңтуш болуп алып, аларга тийишкенди жакшы көргөн абышкалар, карылык маразмдан улам өзүн солкулдаган жигиттей эсептеп, оозунан эмнелер чыгып жаткандыгына таптакыр көңүл бурбагандар да эркектердин, аялдардын арасынан кездешет. Алардын эл арасындагы кадыр-барктары, таасирлери да ошого жараша боло тургандыгын да көрүп келатабыз.

Эл феминисткалардан эмнелерди күтүшөт?

Азыркыдай социалдык, экономикалык кыйынчылыктарга кыргызстандыктар биринчи согуш мезгилинде, андан кийинки он жылда бир тушукса, экинчи ирет мурдагы Союз кыйрагандан кийин тушугуп, азырга чейин анын сормо сазынан биротоло чыга албай келатат. Аялдардын басымдуу көпчүлүгүнүн абалы оор. Маселен, азыр бала-чакаларын  багуу үчүн тигүүчүлөр, кафе-ресторандарда иштегендердин басымдуу көпчүлүгү эртең мененки 8ден тартып, түнкү саат 11-12лерге чейин иштешет. Айрымдары иштеген жерлеринде түнөп да калышат. Кыштын суугунда, жайдын ысыгында базарларда отургандардын, сырт жактарда ар кандай кордуктарга, зордуктарга кабылып, эмгек мандикерлери болуп жүргөндөрдүн, челнокчулардын абалдары да алардыкынан жеңил эмес. Ар жактарда андан жаман иштер, жоруктар менен алектенгендер жөнүндө айтпай эле коёлу. Алардын басымдуу көпчүлүк бөлүгүнүн иштегендери эмгек китепчелерине да жазылбайт, тийиштүү бөлүктөрү соцфондуга да төлөнбөйт. Демек, аларды ырайымсыз эзип иштетип жатышкандар алардын азыркы ден соолуктарына гана эмес, келечектерине да балта чаап жатышат. Соцфондуга эч нерсе төлөнбөсө, алар кийин кайдан, кантип пенсия алышат?

Ата-энелери аларды багуу үчүн эмгек мигранты болуп сырт жактарга чыгып кетишкенден улам расмий статмаалыматтар боюнча 100 миңден ашык жаштары жете элек наристелер тирүүлөй жетим болуп, жакындарынын колдорунда жүрүшөт. Алардын айрымдары кандай зордук-зомбулуктарга туш болуп жаткандыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп, угуп жатабыз.

Мына, чыныгы феминисткалар үчүн күндөп-түндөп иштеп, аялдардын азап-тозокторун, тирүүлөй жетимдердин абалдарын жеңилдетип, аларга реалдуу жардам көрсөтө турган чөйрөлөр. Эгерде апичебиз баш болгон феминисткалар Кыргызстандын ири шаарларындагы ачык-жабык иштеп жаткан тигүү цехтеринин баарынын эсептерин алышып, аларды кыдырышып, жетекчилери менен жолугушуп, аларды мыйзамдуу 8-9 саатан иштегенге, милдеттүү каражаттарды салыктарга, соцфондго төлөгөнгө көндүрүшсө, кафе-ресторандардын, мейманкалардын бардыгына шиторинг жүргүзүшүп, аларда иштеген кыз-келиндердин укуктарын коргогонго аракеттенишсе, биз аларга таазим гана кылмакпыз. Аларга акыбалдары жетпесе, апичебиз Рим клубундай, же Карнеги борборундай бир мекеме уюштуруп алып, каада-салттарды, ырым-жырымдарды цивилдүү нукка салып, ашыкча ыгым-чыгымдарды азайтуу, тапкандарды сарамжалдуу сарптоо, улуттук идентгүүлүктү арттыруу аркылуу биримдикти чыңдоо, мамлекеттик тилдин жана титулдук этностун маданиятынын базасында ички интеграцияны күчөтүү боюнча иликтеп, изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын негизинде тийиштүү органдарга, Өкмөткө конкреттүү сунуштар менен чыгып, бул жааттарда талкууларды уюштуруп турса, ырахматыбызды гана айтып, көп жашоосун гана каалайт элек. Бирок, апичебиздин иш аракеттери ‘мен да бардым ышкынга, сен да бардың ышкынга, сенин көөнүң ышкында, менин көөнүм…” дегендей, “менин көчүгүм, сенин көчүгүң” дегендей жогору көтөрүлө албай жатса, ага катуу тийсе да ачуу чындыкты ачык айткандан башка арга калбады.

Экс-президенттин макамына ылайыксыз

Апичебиздин болгон-толгон деңгээли ошобу, же Батыштагы кожоюндары үй-бүлөлөрдү бузуп-жарып, элиңердин ынтымагын кетиргенден башка иштерге грант бербейбиз дегенден улам “сары чакалар” үчүн өзүнүн абийирин кетирип жатабы, анысын билбейбиз. Бирок, жыныстык тескери ориентациядагылардын башкы идеологуна айланып алганы мурдагы мамлекет башчысынын макамына таптакыр ылайыксыз, татыксыз иш. “Ысык-Көл инвесттеги” ири карызынан 2010-жылдагы төңкөрүш куткарса, азыр 80 миң сомдон пенсия алып, бардыгы акысыз мамлекеттик дачада жашап жатса, жер жайнаган небере-чөбүрөлөрү болбосо, адам деген ушул жагына да топук, канаат кылыш керек эле, бирок апичебиз батыштын сары чакалары үчүн бизди ичтен кыйратууга аракет кылууда.

Жогорудагыдай иш чаралардын АКШнын буйрутмасы менен ал жактан каржыланып жаткандыгы, алардын аткаруучуларынан эле ачык көрүнүүдө. Алсак, 8,10-марттагы жүрүш, митинг дагы бир АКШчыл Р.Жээнбековдун Nехт ТВсы аркылуу ийне-жибине чейин активдүү чагылдырылды. “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесинде иштеген Ыдырыс Исаков деген жигит; “гейлик мусулмандарга мүнөздүү көрүнүш. Азыр деле айрым өлкөлөрдөгү мусулмандар жаш балдарды аялдыкка алышат. Бабур деле гей болгон, аны Чубак ажыдан сурагыла” деп ислам динине да акаарат келтирүүдө. Андан мурда 2011-жылы Али Токтакунов “Азаттыкта” гей бала менен интервьюсун обого чыгарып, бул теманы коомчулукка таңуулаган.

Максат Эралиев деген жигит калпак кийип алып, өзүндөй жигиттер менен өбүшүп жүрдү. Анын “Сооронавирус” деген макаласын ЛГБТчылар, “Реакция” кыймылындагылар көбөйтүп, таркатышууда. 10-марттагы жыныстык тескери ориентациядагылар уюштурган митингине экс-президент Роза Отунбаева барып, аларды колдоп сөз сүйлөдү.

Булардын бардыгы батыштагы атайын кызматтагылар тарабынан пландаштырылып, ырааттуу жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордон экендиги жашыруун эмес. Алар биринчиден, Кыргызстанды ичтен иритип, демографиялык катастрофага учуратып, кылымдар бою калыптанган салт- санааларын, менталитетин бузуп, жарууну көздөшсө, экинчи жагынан саясый туруктуулукту бузуп, өлкөбүздү саясый, экономикалык кризистерге тушуктурууга аракеттенишүүдө. Андай иштерге экс-президентибиздин башкы идеолог болуп жүргөнү Роза Отунбаева үчүн гана эмес, Кыргызстан үчүн да трагедия болуп саналат. Буга чейин бизди кандай коркунучтуу адамдар башкарып келишкендигин эми гана толук түшүнүп жатабыз.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: