Menu

“Өнүгүү-Прогресс”: Бирдиктүү транспорт картасы жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жакшыртат

Бөлүшүү:

«Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташуу сапатын жакшыртуу үчүн шаардын бирдиктүү транспорт картасы керек», – деп белгиледи “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Таалайбек Сариев.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы Бишкек шаарынын бирдиктүү транспорт картасын түзүүнү демилгелейт. Ал картада коомдук унаалардын бардык кыймылдары (маршруттары) көрсөтүлүп, шаар ичинде жүрүүнү ыңгайлаштыруу каралат.

Т.Сариевдин айтымында, учурда шаар мэриясынын сайтында транспорт картасы көрсөтүлгөн, бирок анда жеке компанияларга тиешелүү бир канча маршруттук таксилердин жол схемасы берилгени менен шаардын баардык жолдорун камтыган картаны көрүүгө мүмкүнчүлүк жок.

«Жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниялар кайсы бир чиновниктердин колдоосуна ээ болгондугуна байланыштуу, учурда шаар ичи ар түрдүү маршруттук таксилерге толуп калды. Мурда мындай таксилерге түшүү менен жүргүнчү башка коомдук унаага салыштырмалуу кымбатыраак жол кире берип, бирок белгиленген жерге ылдамыраак жетчү. Азыркы шаар жолдорундагы абал, маршруттук таксилерди дагы, муниципалдык автобус, троллейбустарды дагы бирдей ылдамдыкта болушуна алып келди. Андыктан, маршруттук таксилерге кымбатыраак төлөө зарылдыгы өзүн актабай калды”,  – дейт Т.Сариев. 

Талапкер Т.Сариевдин айтуусу боюнча, шаар жүргүнчүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн муниципалдык автобус, троллейбустарга өтүү зарылдыгы өз чегине жетти. Анткени  4-5 маршруттук таксинин ордуна 1 автобус чегерилсе, жол тыгындарынын маселеси дагы чечилмек. Андыктан, шаар жолдорунда автобус жана троллейбустар көбөйүп, алардын кыймылын шаардын бирдиктүү жол картасы жөнгө салышы керек.  

“Бирдиктүү жол картасын түзүү, шаар жолдорунда автобус, троллейбустардын көбөйүшү менен шаардыктардын негизги көйгөйлөрүн, жолдогу тыгындардан баштап, шаардын экологиясын жакшыртууга чейинки маселелерин чечүүгө болоорун “Өнүгүү-Прогресс” партиясынынын талапкери Таалайбек Сариев баса белгиледи. 

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: