Сауд Арабиядан келген 135 жүргүнчү тең табылып, алардан коронавируска мазок алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрилигинин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 18-марттагы брифингде айтты.
Ал кыргызстандык жарандар кичи ажылыкка барганын белгилеп, ага каалаган адам бара ала турганын айтты.
“Чоң ажылыкта Кыргызстан дин башкармалыгы тизме түзүп, адамдар медициналык текшерүүдөн өтөт. Ошондой эле бирдикте барып, бирдикте келишет. Меккеде болсо, дарыгерлер коштоп жүрөт. Ал эми кичи ажылыкта ким баргысы келсе, барат” – деди Төлө Исаков.
Анын айтымы боюнча, кичи ажылыктан жалпысынан 1 000 жакын адам келген. Учурда алар изделүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ