Menu

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул  тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-январь күнү билдирди.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында токтом кылынат:

И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— бир айлык мөөнөттө И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

— аталган планды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансылык каражаттарды бөлүүнү кароо.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: