Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Коронавирус илдети бюджетке терс таасирин тийгизип жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.

Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус илдети боюнча баяндама жасады.

” Жер жүзүндөгү адам заттын башына анын ичинде мамлекетибизге чоң сыноо келди. Адамдар аны кандай көтөрүп кетет? Сыноодон кандай чыгат бул дүйнө жүзүндө турган биринчи көйгөйлүү маселе. Бул оору адамдардын гана ден соолугу эмес экономикага анын ичинде бюджетке абдан чоң терс таасирин тийгизет. Бул илдет 2019-жылдын декабрында Кытай эл республикасында чыкканын баардыгыбыз билебиз. Ушул учурдан тартып өкмөт баардык иш чараларды көрүүгө камынып, маниторинг жүргүзүп Кытай эл республикасы жана дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен байланышып тыгыз иштерди жүргүздү.  Биринчи январдан тартып чек арадан  өтүү боюнча көзөмөлдү күчөттүк. Ошондой эле Манас жана Ош шаарындагы эл аралык аэропортторго көзөмөлдө күчөтүлүп, баардык медициналык жабдыктар менен камсыз кылдык. Тышкы соода жүгүртүүгө алакасы бар мамлекет менен болгон чек араны жаап коюу өлкөгө терс таасирин тийгизди. Ден соолук баарынан кымбат деп ушундай чараны кабыл алдык”,- деди Абылгазиев.

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: