Menu

Назира Артыкова, БДСУнун Кыргызстандагы өкүлү: “Таажывируска каршы дары 2-3 жылдан кийин гана чыгат”

Бөлүшүү:

Окумуштуулар таажывируска каршы дарыны 2-3 жылдан кийин гана иштеп чыгыша алат. Бирок, вакцинаны бардык өлкөлөр бир убакта алат деген кепилдикти эч ким бере албайт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова күн мурун, 18-мартта өткөн пресс-конференцияда айткан.

Ал таажывирусту дарыласа болот экенин баса белгилеген. Таажывирус инфекциясы дем алуу органдарынын оорусу экенин айтып, жылдын жай мезгилинде оорунун көрсөткүчү төмөндөрүн, бирок, күзүндө инфекция кайрадан күч ала турганын айткан.

“Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун миссиясы Кытайга жана Италияга эки ирет барып келди. Кечээ, алар инфекциясынын өсүшүн же төмөндөшүн аныктаган жалпы ыкма жок экенин айтышты. Буга аба-ырайы дагы, адамдардын жаш курагы дагы таасир эте албайт” – деп кошумчалаган Назира Артыкова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: