Menu

Рим папасы уйгурларды куугунтукка туш болгон эл деп атады

Бөлүшүү:

Рим папасы Франциск уйгурларды куугунтукка туш болгон эл деп атады. Католик чиркөөсүнүн башчысы бул тууралуу алгачкы жолу Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган азчылыктын өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканы боюнча кабарлар тарап жаткан учурда билдирди.

«Мен куугунтукка кабылган рохинжа, байкуш уйгурлар, йезиддер жөнүндө көп ойлоном» деп айтылат понтификтин «Келгиле, кыялданалы: жаркын келечекти карай» аттуу китебинде. Китеп 23-ноябрда басылып чыкты.

Буга чейин папа Мьянмадагы рохинжа азчылыгынын репрессияларга кабылышы, Ирактагы йезиддердин «Ислам мамлекети» террордук уюму тарабынан өлтүрүлүп жатышы жөнүндө айтып келген, бирок уйгурлардын азап чегиши тууралуу үн каткан эмес.

Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай өз кезегинде бул лагерлерди «тарбиялоо жана кесипке үйрөтүү борборлору» катары мүнөздөп, мындай чаралар терроризм менен экстремизмге каршы күрөш үчүн керек экенин белгилейт.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги шейшембиде Рим папасы Францисктин Шинжаңдагы уйгурларды куугунтукталган эл деп сүрөттөшүн негизсиз деп атады. Министрликтин расмий өкүлү Чжао Лицзняь Францисктин сөздөрүн төгүнгө чыгарып: «Бардык улуттардын жашоо, өнүгүү жана дин тутуу эркиндиги бар», – деп билдирди.

Кытай менен Ватикандын ортосунда расмий карым-катыш жок. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык Кытайдын Коммунисттик партиясы 1949-жылы бийликке келгенде католик дин кызматкерлерин камакка алгандан кийин үзүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: