Menu

Азамат Арапбаев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Элдин колунда мал көп. Ачарчылык болбойт”

Бөлүшүү:

-Азамат Абдуллажанович, азыркы кырдаал экономикабызга кандай таасир этиши мүмкүн?

– Кытай менен чек ара жабылганына мына эки ай болуп баратат. Казакстан, Өзбекстан менен жабылды. Бул абалдан сабырдуулук менен гана чыгышыбыз керек. Башка айла жок. Ооба, экономикага залакасы катуу эле болот. Жумушсуздук башталат. Бажы төлөмдөрү азайышы мүмкүн. Салык төлөмдөрү эки айлык планга чыкты, бирок, үчүнчү айга чыгышы күмөн. Ишкерлик активдүүлүк төмөндөдү. Ишкерлик активдүүлүк төмөндөгөн кезде ал сөзсүз салыкка да терс таасирин тийгизет.

– Кыргызстан агрардык өлкө. Андай болгон соң пайдаланылбай жаткан ички ресурстарыбыз көп эле болсо керек…

– Бирок, тилекке каршы, дан азыктарын биз Казакстандан алабыз. Бул жагынан кошуналар чек ара жабык экенине карабастан буудай, ундарын темир жол аркылуу тынымсыз жөнөтүп жатышат. Элдин колунда мал көп. Ачыгын айтканда, ачарчылык болбойт. Бирок, күндөлүк колдонулуучу кээ бир товарлар жок болуп калышы мүмкүн. Бирок, ал турмушка өтө чоң таасирин тийгизбейт.

– Импортко байланып калбай, көп нерсени өзүбүздөн чыгарсак болобу?

– Болот. Бирок, бул кыска убакта жасала турган иш эмес. Европа мамлекеттеринен, Россиядан заманбап технологияларды кыска убакытта алып келип, өндүрүшкө коюу кыйын. Бирок, бул жалгыз эле Кыргызстанга эмес, бут дүйнөгө сабак болот. Азыр бүт мамлекеттер бири-бири менен терең интеграциялашып калган.

Керим Мурас

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: