Бүгүн, 19-мартта элдик кабарчылар Сузак районунун Благовещенка айылынан видеосюжет салышты. Анда кечээ, 18-мартта Кыргызстанда биринчи болуп катталган таажывирус илдети чыккан айылды аскер менен милиция курчап, бир адамды үйүнөн сыртка чыгарбай, айылды түп көтөрө дезинфекциялап жатышкандыгын кабарлайт.
“Мына Благовещенка айылы, көрдүңөрбү МЧС “обработканы” кандай кылып жатат? Мына, бүт бардыгы тыптынч, мына мындай “обработка” кылып жатат, Кытайыңда бул жакта калат. МЧСтин кызматкерлеринин баары үйлөрдүн ичинде жүрөт. Көрдүңөрбү? Жуунуп алгыла мынакей, келип. “Паччагын” чыгарып жиберди Благовещенканын. Адамдардан бери жуунтуп жиберди. МЧС бүт бардыгына даяр экен. Шаардыктар силер “переживайт” этпегиле, келгиле силер дагы жуунуп кеткиле”, – деп билдирет элдик кабарчы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ