Акыркы эки жума ичиндеги факторлор улуттук валютага болгон басымды күчөттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомго карата доллардын баасынын жогорулап кетишине, өлкөнүн валюта рыногундагы абалына байланыштуу өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымы боюнча акыркы күндөрү дүйнөлүк рынокто нефтиге болгон баанын төмөндөшү жана таажывирус бүткүл дүйнөнүн экономикасына таасир берип жатат.
“Биздин өлкө ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, бул кырдаал бизди дагы айланып өткөн жок. Бүгүнкү күндө чек аранын жабылышына байланыштуу соода-экономикалык активдүүлүк жайлап калды. Кыргыз өлкөсүнө болгон акча которуулар январь айынан баштап 14 пайызга төмөндөдү”, – дейт төрага.
Кечээ, 19-мартта банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу баасы 85 сомго чыккан. Мындан 10 күн мурда эле анын баасы 69-70 сомдун тегерегинде болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ