Кечээ, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын 16-отурумунун жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыяялады.
-ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча ШКУ Катчылыгынын Отчету жөнүндө;
-2016-жылга карата ШКУ бюджетинин аткарылышы боюнча ШКУнун каржы эсептөөлөрү жөнүндө;
– ШКУга мүчө мамлекеттеринин ШКУнун каражаттарын жүгүртүү Фондусуна алдын ала төлөмдөрү жөнүндө;
-ШКУнун 2018-жылга карата бюджети жөнүндө;
-ШКУ Катчылыгынын штаттык иштөө тартиби жөнүндө;
-ШКУнун терроризмге каршы Регионалдык аткаруучу комитетинин структурасынын иштөө тартиби жөнүндө;
– ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлер) отурумдарынан жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеси жөнүндө документтерге кол коюлду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ