Menu

Космосбек Чолпонбаев: “Паникага алдырып, негизсиз дары ичүүнүн кажети жок”

Бөлүшүү:

Дарыны негизсиз иче бергендин кажети жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минисрти Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта онлайн пресс-конференцияда айтты.

Ал башка адамдардын айтканына кирип, паникага алдырып, жөн эле дарынын ичүү болбой турганын белгиледи.

“Сөзсүз түрдө дарыгерлерге карылыш керек. Жөн эле дарыны иче бергенден пайда жок. Мен сиздерге министр, фармацевт катары айтып жатам. Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга ишенип, ар кандай дары-дармектерди ичүүнүн кажети жок” – деди министр.

Ал бул боюнча атайын түшүндүрмөлөр даярдалып, бардыгына берилерин айтты. Ошондой эле ал санитардык, гигиеналык нормаларды аткарып, өз убагында тамак ичип, иммунитетти жогорулатыш керектигин белгиледи.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: