Таажывирустун кесепетинен өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык, Ош шаарындагы 4 базар жабылды. Маалыматты ыкчам штабдан бүгүн, 20-мартта билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы автоунаа жана автоунаа тетиктерин саткан базарлар, кийим-кече саткан борбордук жана “Келечек” базарлары убактылуу жабылды.
Ал эми дарыканалар, азык-түлүк саткан жайлар иштейт берет.
Ошондой эле адамдарга ун сатып алуу үчүн чогулбоолорун суранышты.
“Ош шаарында ун тартыштыгы жок, ун үзгүлтүксүз сатыла берет. 210 тонна ун вагондо келди. Дагы 650 тонна буудай келиши күтүлүүдө. “Тулпар” ун заводу тынымсыз иштөөдө. Башаламандык жаратпай, кезек менен гана ун алууну суранабыз. Эң биринчи ден-соолук маанилүү! Өзүңүздөрдү караныздар!”,- деп Ош шаарынын мэриясы кайрылуу жасады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ