Таажывирус аныкталган Ош облусунун Ноокат районуна 35 блокпост коюлду. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, блокпосттор Ноокат шаарынын бардык кирүү-чыгуу жерлерине, Жаңы-Ноокат, Зулпуев айыл аймактарына кире беришинде коюлган.
Учурда аймактарда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ош ОИИБи абалга түшүнүү менен карап, тургундардан үйлөрүнөн чыкпоого суранат.
Белгилей кетсек, Ноокат районунун 3 тургунунан таажывирус аныкталганын Космосбек Чолпонбеав бүгүн, 20-мартта онлайн-маалымат жыйынында билдирген. Алар дагы умрадан келишкен. Азыркы учурда Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 6. Сузак районунан – 3, Ноокат районунан – 3 адам. 410 обсервацияда жатат. Таажывирус аныкталган Сузак жана Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ