Бүгүн, 27-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 568 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 159, Ош шаарынан – 29, Чүй облусунан – 56, Ош облусунан – 17, Талас облусунан – 16, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 38, Жалал-Абад облусунан – 120, Баткен облусунан – 129 катталган.
Муну менен жалпысынан 56 738ге адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 380 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 48 223кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 67, Ош шаары – 29, Чүй облусу – 34, Ош облусу – 86, Талас облусу – 11, Ысык-Көл облусу – 16, Жалал-Абад облусу – 86, Баткен облусу – 41, Нарын облусу – 10.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Бишкек шаарынан 2 адам каза болду. Жалпы саны 1136га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ