Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда таажывирусту жуктуруп алган жарандар менен байланышкан 1630 адам аныкталды. Дагы 734 байланышкан адам Ноокат районунда табылды.
Алардын баарынан таажывируска анализ алынып, учурда обсервацияга жаткырылган.
Белгилей кетсек, бүгүнт аажывирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталган. Кыргызстан боюнча 12 адам таажывирусту жуктуруп алган. Өлкө боюнча убактылуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Билим берүү мекемелеринде карантин жарыяланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ