Эртең, 22-марттан баштап Бишкек шаарында автобус, троллейбус жана маршруттук кичиавтобустар – коомдук транспорт токтотулат. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
“Туура кабыл алууңуздарды өтүнөбүз. Шаар аралап жүрүүнү токтотолу”, – деп кайрылат Бишкек мэриясы шаардыктарга.
Бүгүн, 21-мартта Кыргызстанда таажывируска чалдыккандардын саны 12ге жеткендиктен КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда КР Коопсуздук кеңешинин тар курамынын жыйынын өткөрүп, премьер-министрге Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушун берген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ