Menu

Раим Матраимов атасы Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду менен бирдикте таажывируска каршы күрөштө өлкөгө жардам берет

Бөлүшүү:

Раим Матраимов атасы Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду менен биргеликте таажывируска каршы күрөштө өлкөгө жардам берет, Бул тууралу КР Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу жарыя кылды:

“Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду – иним Райымбек Матраимовдун колдоосу менен коронавирустун кесепетин жоюга гуманитардык жардам көрсөтүп баштады

Кыргызстандын аймагына келген таажы ылаӊы деген аталыштагы вирустун кесепетин жоюга “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду гуманитардык көмөк көрсөтүп баштады. Алар, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттер.

Маалымат үчүн:

Бүгүндөн баштап 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган региондорго таратыла баштады;

Коронавирусту 15 минуттун ичинде аныктай турган 20 000 даана экспресс-тесттерди алдырып жатабыз, ал 5 күндө өлкөгө келет;

Ата-мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан даярдалган бет каптарды 5 миллион сом өлчөмүндө сатып алууга даяр. Сатып алынган бет каптар волонтерлордун жардамы менен республиканын бардык аймактарында элге акысыз таратылат. Учурдан пайдаланып жергиликтүү бет кап тиккен цехтерди фонддун өкүлдөрүнө байланышууга чакырабыз;

Чет өлкөдөн 10 даана портативдик жасалма дем алдыруучу жабдыгын (Аппараты искусственной вентиляции легких) алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Фонд биринчи кезекте гуманитардык жардамды – коронавирус илдети катталган аймактарга багыттайт. Андан соӊ волонтерлор Кыргызстандын башка аймактарына таратышат. Жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана илдетти аныктоочу экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

Мындай кыйынчылыкты ынтымак жана сабыр менен гана жеңебиз. Элибизде тынчтык болсун, башка түшкөн оорчулуктан жеңил өтүп кетели деген тилегибизди билдиребиз!

Жергиликтүү бет-каптарды тиккен өндүрүшчүлөрдү 0703909600 телефону аркылуу байланышка чыгуусун өтүнөбүз”, – деп билдирет депутат Искендер Матраимов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: