Бүгүн, 23-мартка карата дүйнөдө жүзү боюнча 187 мамлекетте жалпы 294 миң 110 адамга коронавирус илдети жуккан. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.
Маалыматка караганда, дүйнөдө коронавирустан 12 944 адам каза болгон.
Бейтаптардын саны:
– Кытайда 81 499;
– Италияда 53 578;
– Испанияда 24 926;
– Иранда 21 638;
– Германияда 21 463 адам.
– Россияда 367 адам
Ал эми акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 14 адамда, Казакстанда 60 адамда, Өзбекстанда 45 адамда коронавирус аныкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ