Бүгүн, 23-мартта түнкү саат он экиде кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктарын Өзбекстан тарап белгисиз мөөнөткө жабат. Бирок, транзиттик каттамдар токтобойт. Бул маалыматты КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусттук башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 22-мартта коңшу Өзбек Республикасынын бийлиги тарабынан чек арасын жаба турганы боюнча расмий маалымат жиберишкен. Анда, коронавирус илдетине байланыштуу убактылуу жаап туруу чечими кабыл алынганы маалымдалган.
-Кыргызстанда жүргөн Өзбекстандын жарандары өз өлкөсүнө, ал жакта жүргөн биздин жарандар биз тарапка өтүүгө жетишүүлөрү керек – деп билдиришти башкармалыктан.
Жалал-Абад облусунда Ала-Бука районундагы “Баймак” Ноокендеги “Маданият” чек ара өткөрмө постторунан эч кандай унаалар өтпөйт, жөө адамдар өтүп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ