Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы адамзаттын тынчын алып жаткан, учурдун көйгөйү болгон тажылуу вирустун (коронавирус) жайылуусун алдын алуу жана кызматкерлердин, келген жарандардын ден-соолугуна кам көрүү максатында, 2020-жылдын 19-март күнү жумуш орундар менен жарандарды кабыл алуучу Бирдиктүү терезе бөлүмүн дезинфекциялоодон өткөрдү.
Дезинфекциялоо иши санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (СЭС) менен макулдашылган, ыктыярчылар тарабынан жүргүзүлдү.
Андан сырткары, башкармалыктын кире беришине тиешелүү антисанитардык заттар орнотулуп, тийиштүү эскертме белгилери жайгаштырылган. Башкармалыкка келген жарандар менен кызматкерлерди карантиндин талабын так аткаруу жана имаратка кирип-чыгуусу боюнча атайын график түзүлүп, кызматкерлер тыныгуусуз нөөмөттө (дежурство) турушат.
Ал эми, 2020-жылдын 22-мартынан тартып өлкө боюнча «өзгөчө кырдаал» киргизилгендигине байланыштуу Архитектура жана курулуш тармагына тиешелүү маселелер же суроолор боюнча жарандардын кайрылуусу үчүн Башкармалыктын тиешелүү кызматкерлеринин атайын бекитилген ишеним телефондору иштейт, байланыш номерлери Башкармалыктын сайттына жайгаштырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ