10 жылдан бери Кытайда жашаган кыргыз кызы медициналык бет капты туура тагынганды үйрөтөт.
“Эгерде бет капты туура тагынганды билсеңер, анда тагынбай эле койгула” – деп кеңеш берет. Ал эмнеге мындай сунушту айтып жатканын түшүндүрүп, видеотасмадан көрсөтүп берген.
“Бул үчүн бизге кадимки спирт, салфетка жана таза медициналык бет кап керек. Үйдөн чыгар алдында, кыздар шакек, сөйкө жана билериктерден баш тартуу керек. Эшикке чыгарда, таза колго спиртти чачып, 30 секунд күтөбүз. Ал кургагандан кийин таза бет капты алып, ага дагы спирт чачып, дагы 30 секунд күтөбүз. Андан кийин гана бет капты кийебиз. Эң негизги нерсе, бет капты кийгенден кийин ага такыр тийбеш керек. Эгерде, бетиңер же көзүңөр кычыша турган болсо, салфеткага спирт чачып, андан кийин гана бетти сүртсө болот” – деди кыргыз кызы.
Ал дагы бир жолу бет капты туура тагынганды үйрөнүү керектигин, беп капты тагынгандан кийин ага такыр тийбеш керектигин баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ