“Алай” командасы Кыргызстандын Кубогунун ээси. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 22-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун финалдык оюну болуп өткөн. Анда Ош шаарынын “Алай” командасы Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командасы менен беттешкен.
Оюндун жүрүшүндө жалгыз голду 36- мүнөттө “Алай” командасынын оюнчусу Инкум Келвин киргизип, беттеш 1:0 эсебинде “Алай” командасынын жеңиши менен аяктаган.
Финалдык оюн Кант шаарынын стадионунда болуп өткөн.
Айта кетсек, “Алай” командасы өз тарыхында экинчи жолу футбол боюнча Кыргызстандын Кубогун утуп алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ