Кечээ, 23-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 1982-жылы туулган, КР жараны Сыйдыев Мирбек Анарбекович аныкталып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган боюнча, калкка такси кызматын көрсөткөн Сыйдыев Мирбек тентектик аракеттери менен соцтармактар аркылуу Ысык-көл областынын тургунунун дене табы жогорулап, таажывирус чыкты деген маанидеги жалган маалыматтарды таратып, областта элдин арасында кооптонуу жараткан.
Сыйдыев М.А. кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалпы элден кичирим сурады.
Учурда материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ