Кыргызгидромет борбору 24-марттан 27-мартка чейин Кыргызстандые аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.
24-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
24-мартта күндүз жана 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-25-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.
27-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 27-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ