Ысык-Көл облусунун милициясы жарандарды кабыл алууну убактылуу телефон байланыштары жана электрондук түрүндө жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Таажывирус инфекциянын пайда болуу коркунучун алдын алууну күчөтүү жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык дурус абалды камсыздоо максатында Ысык-Көл ОИИБинин шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрү жарандарды кабыл алууну убактылуу токтотот.
Тактап айтканда, өкмөтүн 2010-жылдын 25-мартындагы №182 токтому менен каралган жарандарды кабыл алуу иштери, эми өзгөчө чечим кабыл алынганча убактылуу ишеним телефондор жана электрондук почта түрдө жүргүзүлмөкчү.
Ишеним телефондор:
Ысык-Көл ОИИБи – (03922) 5-24-14;
Балыкчы ШИИБи – (03944) 3-27-05;
Жети-Өгүз РИИБи – (03946) 5-14-95;
Түп РИИБи – (03945) 2-44-12;
Ак-Суу РИИБи – (03948) 9-13-52;
Тоӊ РИИБи – (03947) 9-13-42;
Каракол ШИИБи – (03922) 5-13-80;
Ысык-Көл РИИБи – (03943) 2-23-45.
Электрондук почта:
Ысык-Көл ОИИБи – [email protected];
Балыкчы ШИИБи – [email protected];
Жети-Өгүз ШИИБи – [email protected];
Түп РИИБи – [email protected];
Ак-Суу РИИБи – [email protected];
Тоӊ РИИБи – [email protected];
Каракол ШИИБи – [email protected];
Ысык-Көл ШИИБи – [email protected].
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ