Дарыгерлерди жумушка жеткирип кайра үйүнө алып кетүү үчүн транспорт менен камсыздоо боюнча тизме түзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Саламаттыкты сактоо министрлиги кечинде өзгөчө абал боюнча түзүлгөн штаб менен байланышты. Жумушка келип кеткенге транспорт менен камсыздоо маселеси каралууда. Азыркы учурда дарыгерлердин тизмесин тактап жатабыз. Андан кийин бул маселе каралат”, – дейт Акматова.
Учурда таажывирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 42 адамды түзөт. Алардын баардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ