Таажывирусун жуктуруп алгандардын арасында медициналык кызматкерлер жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
Ал чет өлкөлөрдөн келген жарандар “Семетей” обсервациялоо жайынан үйлөрүнө чыгарылганын айтып, ал эми илдет табылган адамдар ооруканага жаткырылып, тиешелүү дарылануудан өтүп жатканын билдирди.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 44 адам таажывирусун жуктуруп алган. Таажывирус аныкталган аймакта иштеген медициналык кызматкерлер обсервацияга жаткырылган” – деп билдирди Айнура Акматова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ