23-март күнү КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Алмазбек Сабырбеков 2010-жылддан бери депутат Дастанбек Жумабековдун жардамчысы жана кеңешчиси кызматтарын аркалап келген.
Бирок 2019-жылы 1-мартта КР ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековдун КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге 12-февралда жазган расмий катынын көчүрмөсү коомчулукка жарыяланып, андагы одоно каталар ызы-чууну туудурган.
Бул одоно каталарга жык толгон катты жазып, спикерди элге уят кылган спикердин кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматынан айдалганын КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдирген.
Эми 1 жылдан кийин Алмазбек Сабырбеков кайрадан кызматтык секирик жасады. Кыязы бул жигиттин артында колу түктүү бир күркүл турат окшойт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ