23-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 1992-жылы Ош областынын Ноокат районунунда туулган Имамидин уулу Алымбек аныкталды.
Ал соцтармакта “Сасык тумоо болуп барганды коронавирус экен деп туура эмес диагноз чыгарышты” деген маанидеги жалган маалыматтан турган пост жарыялаган.
Имамидин уулу менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн элден кечирим сурады.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ